# 42-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 42-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-42

---

1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтардын банкын түзүү жолу менен ата-энелердин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын эсебин жүргүзөт.

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкын жүргүзөт, ошондой эле баланы кийин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого же болбосо ал туугандарынын жарандыгына жана жашаган жерине карабастан, балдардын туугандары тарабынан асырап алынышына көмөк көрсөтөт. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик банкка киргизүү үчүн ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар жана балдарды өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жарандар жөнүндө маалыматтарды документтештирет.

3. Баланы өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жаран өзү аны асырап алуучулукка талапкер катары эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзү жөнүндө маалыматтарды балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жана баланы өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жарандар жөнүндө купуя маалыматтарды сотко, прокуратура органдарына, тергөө же иликтөө органдарына же болбосо Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бере алат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-43)
