42-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана жүргүзүү
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 7-глава
1. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтардын банкын түзүү жолу менен ата-энелердин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын эсебин жүргүзөт.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкын жүргүзөт, ошондой эле баланы кийин Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлөсүнө тарбиялоого же болбосо ал туугандарынын жарандыгына жана жашаган жерине карабастан, балдардын туугандары тарабынан асырап алынышына көмөк көрсөтөт. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жөнүндө мамлекеттик банкка киргизүү үчүн ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар жана балдарды өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жарандар жөнүндө маалыматтарды документтештирет.
3. Баланы өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жаран өзү аны асырап алуучулукка талапкер катары эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзү жөнүндө маалыматтарды балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.
4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жана баланы өз үй-бүлөсүндө тарбиялоого алууну каалаган жарандар жөнүндө купуя маалыматтарды сотко, прокуратура органдарына, тергөө же иликтөө органдарына же болбосо Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бере алат.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-42" title="42-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>