# 41-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды табуу жана эсепке алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 41-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-41

---

1. Ушул Кодекстин 40-беренесинде көрсөтүлгөн балдар жөнүндө маалыматтардан кабардар мекемелердин (билим берүү мекемелеринин, дарылоо мекемелеринин, социалдык коргоо мекемелеринин, убактылуу болуучу мекемелердин) кызмат адамдары жана башка жарандар бул тууралуу иш жүзүндө турган жайы боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.

2. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар турган тарбиялоо мекемелеринин, дарылоо мекемелеринин, калкты социалдык коргоо мекемелеринин жана ушуга окшогон мекемелердин жетекчилери бала үй-бүлөгө тарбиялоого берилиши мүмкүн экени аларга белгилүү болгон күндөн тартып бул тууралуу 7 күндүк мөөнөттүн ичинде ушул мекеменин турган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.

3. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматтар алынган же баланы коргоо зарылчылыгынын фактысы табылган учурдан тартып 10 календардык күн ичинде баланын укуктарын ишке ашырууга ар тараптуу баа берүүнү, анын үй-бүлөсүнө баа берүүнү жүргүзөт жана ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык, баланы коргоо боюнча, анын ичинде балдарды жайлаштыруунун формасы кирген жекече план түзөт.

4. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган милдеттерди аткарбаганы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-42)
