# 40-берене. Ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 40-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-40

---

Ата-энелери каза болгон, алар ата-энелик укуктарынан ажыратылган, алардын ата-энелик укуктары чектелген, ата-энелер аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ата-энелери ооруган жана мертинген, ата-энелери узакка жок болгон, ата-энелери балдарды тарбиялоодон же алардын укуктарын жана таламдарын коргоодон баш тарткан учурда, анын ичинде ата-энелери балдарын тарбиялоочу, дарылоочу мекемелерден, калкты социалдык коргоо жана ушуга окшогон башка мекемелерден алуудан баш тарткан, баланын ата-энелери белгисиз болгон, ошондой эле ата-энелик көзөмөлчүлүк жок болгон башка учурларда, баланын укуктарын жана таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана балдардын таламдарында аракеттенген Балдар иштери боюнча комиссияга жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-41)
