# 4-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоонун негизги принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 4-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-4

---

Балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо төмөнкү негизги принциптерге негизделет: баланын эң мыкты таламдарын камсыз кылуу максатында баланын укуктарынын жана таламдарынын биринчи кезектүүлүгүн таануу; мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин көлөмүндө балдардын, өзгөчө турмуштук оор кырдаалда турган балдардын акысыз кызмат көрсөтүүлөргө жетимдүүлүгүн камсыз кылуу; балдарды расасынын, өңү-түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, улуттук же социалдык тегинин белгилери боюнча, мүлктүк абалынын, ден соолугунун абалынын жана кандай гана болбосун башка белгилери боюнча басмырлоонун жол берилбестиги; анын тагдырына байланыштуу чечимдерди кабыл алууда баланын өз пикирин билдирүү укугун камсыз кылуу; баланы зомбулуктун бардык формаларынан коргоону камсыз кылуу; экономикалык пайда табуу максатында балдардын эмгегинин анын эң жаман формасында эксплуатациялоонун жол берилбестиги; баланын укуктарын жана таламдарын бузуу, ага залал келтиргендик үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызматкерлеринин, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги; баланы тарбиялоонун жана билим берүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу; мамлекет, коомчулук, үй-бүлө тарабынан баланын укуктарын жана таламдарын коргоонун артыкчылыктуулугу; баланын үй-бүлөдөн ажыроосун болтурбоо жана баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылуу; ар бир баланын дене-бой, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укугун камсыз кылуу; ата-энелердин өз жөндөмдүүлүктөрүнүн жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектеринде баланын өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылуу жоопкерчилиги; мамлекеттин жетим балдарды жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылуусу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-5)
