# 39-берене. Аккредитациялоону өткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 39-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-39

---

1. Ушул Кодекстин 38-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган субъекттерди аккредитациялоону саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, эмгек, жумуштуулук, миграция жана башка жааттагы тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.

2. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү, ушул Кодекстин 38-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган бардык субъекттер, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер аккредитациялоого жатат.

3. Аккредитациялоо, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган субъекттер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр башталганга чейин өткөрүлгөн адепкиге жана 3 жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүүчү кайталамага бөлүнөт. Аккредитациялоо жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

4. Аккредитациядан өтпөгөн уюмдар өзүнүн ишин жүзөгө ашырууга киришүүгө укуксуз жана аны токтотуп турууга милдеттүү.

5. Мамлекеттик же муниципалдык мекеменин кайрадан аккредитациялоодон өтпөгөнү ушул мекеменин жетекчисинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартуусуна алып келет.

6. Аккредитациялоодон өтпөстөн өз ишин жүзөгө ашырган турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-40)
