# 38-берене. Аккредитациялоонун негизги максаттары, принциптери жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 38-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-38

---

1. Кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды камсыз кылуу максатында төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруучу уюмдар аккредитациялоого жатат:

1) чет өлкөлүк жарандар тарабынан балдарды - Кыргыз Республикасынын жарандарын асырап алуу боюнча;

2) менчигинин формасына карабастан, жатак тибиндеги балдар мекемелериндеги балдарды багуу боюнча.

Өз иштерин мамлекеттик социалдык тапшырык каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырууну каалаган уюмдар аккредитациялоого жатат.

2. Аккредитациялоонун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу;

2) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;

3) аккредитацияланган субъекттердин иштеринин квалификациясынын деңгээлин аныктоо;

4) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү.

3. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү субъекттерди аккредитациялоо төмөнкү принциптерге негизденет:

1) аккредитациялоонун жол-жоболору, критерийлери жөнүндө маалыматтардын жетимдүүлүгү;

2) аккредитациялоону өткөрүүнүн айкындыгы;

3) аккредитациялоону өткөрүүдө басмырлоого жол бербөө;

4) аккредитациялоо тутумунун биримдиги жана бүтүндүгү.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-39)
