# 37-берене. Балдарды жатак мекемелерге жайлаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 37-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-37

---

1. Алардын ата-энелик укуктарынан ажыратылганына же ата-энелик укуктарынын чектелгенине, ата-энелери дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз (аракетке чектелүү жөндөмдүү) деп таанылганына, алар эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөп жатканына байланыштуу, ата-энелери жок жетим-балдарды менчигинин түрүнө карабастан жатак мекемелерине жиберүү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусуна негизделген соттун чечими боюнча жүргүзүлөт жана баланы үй-бүлөгө жайгаштыруунун мүмкүнчүлүгү түгөнгөн учурда акыркы чара катары колдонулат.

Баланы сүйлөөсү, көрүүсү жана угуусу бузулган балдар үчүн жатак-мектеп, психоневрологиялык жатак-үйлөргө жайгаштыруу психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын корутундусу боюнча ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт. Баланы жаза чарасы катары жабык типтеги адистештирилген жатак-мектепке жайгаштыруу сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жүргүзүлөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн категориядагы балдарды менчигинин формасына карабастан убактылуу жатак мекемелерге 6 айга чейинки мөөнөттө жайгаштыруу психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундулары боюнча ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.

3. Баланын жатак мекемеде туруусунун негиздүүлүгүн кайра кароо аймагында баланын үй-бүлөсү жашаган балдарды коргоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдын, ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларынын негизинде, мыйзамдуу өкүлдөрдүн, ошондой эле балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо боюнча уюмдардын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-38)
