# 35-берене. Кырдаалга баа берүү жана үй-бүлө менен жекече иштөө планы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 35-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-35

---

1. Тобокел тобунун үй-бүлөсү табылганда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен биргеликте, он календардык күндүн ичинде табылган үй-бүлөдөгү абалды үйрөнүүнү жана баа берүүнү жүзөгө ашырат, ар бир баланын керектөөлөрүн эске алуу менен, ушул үй-бүлө менен макулдашуу боюнча үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын иштеп чыгат.

2. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын түзүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тиешелүү адистердин жардамы менен үй-бүлөнүн турмуштук кырдаалына баа берет жана зарыл болгон кайра түзүүлөр үчүн тышкы жана ички ресурстарды, ошондой эле түзүлгөн кырдаалды оң жагына өзгөртүү үчүн аларды натыйжалуу пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрүн издөөнү жүзөгө ашырат.

3. Үй-бүлө менен жекече иштөө планы баланы колдоого жана ойдогудай өнүгүшүнө багытталган, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөгө социалдык, укуктук, психологиялык-педагогикалык, медициналык жардамдарды көрсөтүү боюнча, ошондой эле баланы тарбиялоого жана кароого жоопкерчиликтүү ата-энелердин, камкорчулардын жана башка адамдардын тарбиячылык көндүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого багытталган иш-чаралардын тизмегин камтыйт, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдар тарабынан анын аткарылышынын мөөнөттөрүн камтыйт.

4. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планында белгиленген мөөнөттөргө ылайык турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөдөгү өзгөрүүлөрдүн өнүгүүсүнө көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-36)
