# 32-берене. Балдарда турмуштук оор кырдаалдарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштеринин негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 32-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-32

---

1. Балдарда турмуштук оор кырдаалдарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштери балдарды тарбиялоодо үй-бүлөгө зарыл жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүүгө багытталган балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча чаралардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тутумун; балдардын жыргалчылыгын камсыз кылууну; баланын үй-бүлөдөн ажыроосун болтурбоону; ата-энелик көндүмдөрдү чыңдоону; коомдун балага жана үй-бүлөгө кайрымдуу мамилесин жакшыртууну; баланы коргоо боюнча жоопкерчиликти күчөтүүнү камтыйт.

2. Турмуштук оор кырдаалдарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргеликте турмуштук оор кырдаалдарга жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында, үй-бүлөнүн балдар менен ойдогудай эместигин жана баланын турмуштук оор кырдаалын (тобокелдик тобунун үй-бүлөсү) эрте табуу максатында үй-бүлөлөрдүн балдар менен бейкамдыгынын мониторингин жүргүзүүгө милдеттүү.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын көйгөйлөрү менен алектенген тиешелүү бөлүмдөрдү түзүү жолу менен үй-бүлөлөр менен алдын алуу жана жеке иштерди жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-33)
