# 31-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 31-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-31

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жумушчу орган болуп саналат жана өз ишин мезгилдүү негизде жүзөгө ашырат. Комиссиянын иши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органы тарабынан камсыз кылынат. Социалдык маселелер боюнча комиссиянын жобосу жана курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилет. Социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждык деңгээлин алгачкы аныктоону;

2) турмуштук оор кырдаалда турган баланы алгачкы жайгаштыруу боюнча чараларды кабыл алууга көмөк көрсөтүүнү;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-32)
