# 3-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негизги максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 3-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-3

---

1. Ушул Кодекстин максаты балдардын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана башка укуктарын, таламдарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоону камсыз кылуу болуп саналат.

2. Балдарды коргоо боюнча принциптерди жана чараларды белгилөө, баланын укуктарынын кепилдик негиздерин түзүү; балдарды коргоо боюнча тиешелүү органдардын жана уюмдардын иштеши; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу жаатындагы компетенциясын жана алардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо ушул Кодекстин милдети болуп саналат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-4)
