# 29-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 29-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-29

---

чөйрөсүндөгү функциялары

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат: тиешелүү аймакта турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрү жана башка уюмдар менен тыгыз өз ара аракетте иштешет; тиешелүү аймакта жашаган турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөргө баа берүүнү өткөрөт жана баа берүүнү натыйжаларын жергиликтүү кеңешке берет; балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табууну, аларды алгачкы эсепке алууну жүзөгө ашырат; тиешелүү аймакта балдардын, ошондой эле алардын асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн жана багуучу ата-энелеринин жашоо шарттарына мониторингди жүзөгө ашырууда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө көмөк көрсөтөт, баланы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жоопкерчилигине өткөрүп бергенге чейин турмуштук оор кырдаалда турган баланы убактылуу жайгаштырууну камсыз кылат; ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-30)
