# 28-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү функциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 28-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-28

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө төмөнкү функцияларды аткарат: турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт; турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табууга көмөктөшөт; Балдар иштери боюнча комиссиянын ишин камсыз кылат; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, 5 жылда бирден кем эмес турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн райондун социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүнө берүүнү жүзөгө ашырат; зарыл социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүнү жана каржылоону камсыз кылат; Балдар иштери боюнча комиссиянын протоколунун негизинде турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоо боюнча жекече планды бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; Балдар иштери боюнча комиссиянын протоколунун негизинде турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-29)
