# 26-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча функциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 26-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-26

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча функциялары: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо боюнча алардын иштерине көмөк көрсөтүү максаттарында уюштуруучулук, каржылык жана башка жардамдарды көрсөтүү; балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо жана анын жобосун бекитүү; турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүүчү субъекттерди аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү; Кыргыз Республикасындагы камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жобону бекитүү; турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартибин аныктоо жана бекитүү; балдарды коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин, тартибин, минималдуу калыптарын аныктоо жана бекитүү; балдарды коргоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарды каржылоо калыптарын аныктоо; балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү; менчигинин формасына карабастан, турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жатак мекемелердин, атайын билим берүү уюмдарынын типтүү жоболорун бекитүү; ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкын жүргүзүүнүн тартибин жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар жөнүндө тиешелүү маалымат базаларын жүргүзүүнүн тартиби аныктоо; балдарды коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин, ошондой эле ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-27)
