# 21-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууда соттун ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 21-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-21

---

1. Соттун ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөр кирет;

1) балдарды төмөнкүлөргө жөнөтүү жөнүндө иштерди кароо:

балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 6 айдан ашпаган убакыт ичинде кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле жөндөмдүү балдар үчүн кызматтарды көрсөтүүчү, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде кызмат көрсөтүүчү жатак мекемелерди кошпогондо, ведомстволук таандыктуулугуна, менчигинин формасына карабастан жатак мекемелерге; мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энелери, камкорчулары (көзөмөлчүлөрү), багуучу ата-энелери, асырап алуучулар, алар жок болгондо - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар) макулдугу менен тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаждарды балдар үчүн атайын мектептерге, психиатриялык ооруканаларга;

2) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгилөө жөнүндө иштерди кароо;

3) баланы жатак мекемелерине мыйзамсыз жана негизсиз жөнөтүүнү болтурбоо боюнча чараларды кабыл алуу;

4) ата-энелеринин көзөмөлчүлүгү жок калган балдарды аккредитациядан өткөн жатак мекемелерге жөнөтүү;

5) баланын жатак мекемеде, тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаждардын балдар үчүн атайын мектептеринде же психиатриялык ооруканада болуусунун негиздүүлүгүн кайра кароо;

6) балдар иштери боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө.

2. Сот жарандык иштер боюнча балдардын таламдарына тиешелүү талаш-тартышты баланын таламдарынан улам жана баланын пикирин эске алуу менен чечет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-22)
