Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууда соттун ыйгарым укуктары
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 3-глава
1. Соттун ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөр кирет;
1) балдарды төмөнкүлөргө жөнөтүү жөнүндө иштерди кароо:
балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 6 айдан ашпаган убакыт ичинде кызмат көрсөтүүчү, ошондой эле жөндөмдүү балдар үчүн кызматтарды көрсөтүүчү, анын ичинде акы төлөнүүчү негизде кызмат көрсөтүүчү жатак мекемелерди кошпогондо, ведомстволук таандыктуулугуна, менчигинин формасына карабастан жатак мекемелерге; мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энелери, камкорчулары (көзөмөлчүлөрү), багуучу ата-энелери, асырап алуучулар, алар жок болгондо - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар) макулдугу менен тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаждарды балдар үчүн атайын мектептерге, психиатриялык ооруканаларга;
2) асырап алуу, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк белгилөө жөнүндө иштерди кароо;
3) баланы жатак мекемелерине мыйзамсыз жана негизсиз жөнөтүүнү болтурбоо боюнча чараларды кабыл алуу;
4) ата-энелеринин көзөмөлчүлүгү жок калган балдарды аккредитациядан өткөн жатак мекемелерге жөнөтүү;
5) баланын жатак мекемеде, тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаждардын балдар үчүн атайын мектептеринде же психиатриялык ооруканада болуусунун негиздүүлүгүн кайра кароо;
6) балдар иштери боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын аткарылышын көзөмөлдөө.
2. Сот жарандык иштер боюнча балдардын таламдарына тиешелүү талаш-тартышты баланын таламдарынан улам жана баланын пикирин эске алуу менен чечет.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>