# 20-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 20-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-20

---

кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

тиешелүү аймакта балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу; балдардын укуктары бузулган учурларды табуу жана муктаж болгон балдарга бузулган укуктарын калыбына келтирүүдө көмөк көрсөтүү; ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү өз иштери жөнүндө маалыматтарды квартал сайын жергиликтүү кеңешке берет.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-21)
