# 19-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 19-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-19

---

укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат: мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иштерин координациялайт; өз компетенцияларынын чектеринде тиешелүү аймакта балдардын укуктарынын жана таламдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; муктаж балдардын билим берүү, медициналык жардам, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жетимдүүлүгүн камсыз кылат; балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнүн макулдашылган иштерин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат; балдардын укуктарын жана таламдарын сактоодо тиешелүү аймакта аракеттенген коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарга камкорчулук, багуу жана тарбиялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн мониторингин камсыз кылат; өз ыйгарым укуктарынын чектеринде балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу маселелери боюнча тиешелүү аймакта мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын жана программалардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат; ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-20)
