19-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 3-глава
укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат: мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иштерин координациялайт; өз компетенцияларынын чектеринде тиешелүү аймакта балдардын укуктарынын жана таламдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; муктаж балдардын билим берүү, медициналык жардам, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жетимдүүлүгүн камсыз кылат; балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүнүн макулдашылган иштерин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат; балдардын укуктарын жана таламдарын сактоодо тиешелүү аймакта аракеттенген коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарга камкорчулук, багуу жана тарбиялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн мониторингин камсыз кылат; өз ыйгарым укуктарынын чектеринде балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу маселелери боюнча тиешелүү аймакта мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын жана программалардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылат; ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>