# 18-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 18-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-18

---

укуктары

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу боюнча ишин координациялайт;

3) өз компетенциясынын чектеринде ченемдик укуктук актыларды кабыл алат, ошондой эле балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлорун демилгелейт;

4) балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

5) балдардын жашоо турмушун жакшыртууга багытталган мамлекеттик минималдуу социалдык калыптарды белгилейт;

6) баланын укуктарын коргоо маселелери боюнча эл аралык уюмдарда мамлекеттин эл аралык милдеттенмелерин жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгүнүн милдеттерин аткарат;

7) эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелер боюнча улуттук отчетторду даярдайт жана берет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ошондой эле балдардын укуктарын, таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган дагы башка ыйгарым укуктарды да ишке ашырат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-19)
