# 16-берене. Баланын абийирин, кадыр-баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укугунун негизги кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 16-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-16

---

1. Ар бир бала абийирин жана кадыр-баркын, инсандык кол тийбестигин коргоого укуктуу. Мамлекет баланын жеке кол тийбестигин камсыз кылат, аны дене-бойлук жана (же) психикалык, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз, орой же адамдык беделди кемсинткен мамиледен, кылмыштуу ишке тартуудан жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кемсинткен коомго каршы аракеттерди жана башка аракеттерди жасоодон коргоону жүзөгө ашырат.

Мындай аракеттерге күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.

2. Өзүнүн ишинин түрү боюнча баланы окутуу жана тарбиялоо менен алектенүүгө милдеттүү адамдардын анын ар-намысына жана аброюна кол салуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-17)
