# 15-берене. Балдардын эмгегин пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 15-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-15

---

1. Баланын ден соолугуна коркунуч туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу же болбосо анын ден соолугуна, дене-тарбиялык, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирген кандай болбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүн тартууга тыюу салынат.

2. Балдардын эмгегин анын эң начар көрүнүштөрүнүн формаларында эксплуатациялоого, ошондой эле менчигинин формасына карабастан, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, анын ичинде кооперативдерде, дыйканчылык жана фермердик чарбаларда кандай болбосун формадагы балдардын мажбурлаган эмгегине тыюу салынат.

3. Эмгек шарты зыяндуу же опурталдуу иштерде, жер астындагы иштерде, түнкү убактарда, ошондой эле аткаруу балдардын ден соолугуна жана адептик өсүшүнө зыян келтирүүсү мүмкүн болгон иштерде (оюн-зоок бизнесинде, көңүл ачуучу мекемелердеги түнкү жумуштарда, спирт ичимдиктерин, тамеки буюмдарын, баңгизаттарды жана уулуу дары-дармектерди ж.у.с. өндүрүүдө, ташып жеткирүүдө жана сатууда) балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат.

4. Балдардын алар үчүн белгиленген нормадан ашык оор нерселерди көтөрүүлөрүнө, ташууларына жана жылдырууларына тыюу салынат.

Балдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштардын тизмеги, ошондой эле оор нерселерди көтөрүүнүн нормаларынын чеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-16)
