# 14-берене. Баланын кесипке багытталуу, даярдануу жана жумуштуулук укугунун негизги кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 14-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-14

---

1. Ар бир бала эмгек эркиндигине, эмгекке орношууга, жаш курагына, ден соолугунун абалына, жалпы билиминин жана кесиптик даярдыгынын деңгээлине жараша иштин түрүн жана кесибин эркин тандап алуу укугуна ээ.

2. Балдар 14 жаш курагынан тартып ата-энелеринин биринин жана аларды алмаштыруучу адамдардын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу аймактык органдын бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек келишимин түзүүгө жана окуудан бош убакта аны окутуу процессин бузбаган, ден соолугунун абалы жана өнүгүүсү боюнча аларга жетимдүү, алардын саламаттыгына, дене-тарбиялык, адептик жана психикалык абалына зыян келтирбеген коомдук пайдалуу эмгекке катышууга укуктуу, ошондой эле кесиптик даярдыкка укуктуу. Бул укук баштапкы эмгектик (кесиптик) даярдоо мекемелеринин тутуму аркылуу мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылынат.

3. Эмгек келишимдерин түзүүнүн жана бузуунун тартиби жана 18 жаш куракка толо элек кызматчылардын эмгегин жөнгө салуунун башка өзгөчөлүктөрү эмгек мыйзамдарында белгиленет.

4. Менчиктин бардык формасындагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар калкты иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жолдомолору боюнча квоталанган жумуш орундарына социалдык коргоого өзгөчө муктаж болгон балдарды (балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн, жетимдерди жана ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдарды жана башкаларды) кабыл алууга милдеттүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн адамдарды белгиленген квотанын эсебинен ишке кабыл алуудан баш тартууга тыюу салынат жана алар тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга же сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-15)
