# 13-берене. Баланын турак-жайга укуктарынын негизги кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 13-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-13

---

1. Баланын турак-жайга укуктарынын кепилдиктери турак жай мыйзамында каралган тартипте камсыз кылынат.

2. Турак-жайдын менчик ээсинин үй-бүлө мүчөсү болуп саналган балдар, бирдей даражада турак-жай аянтын пайдалануу укугуна ээ болот.

3. Үй-бүлө ээлеген турак-жай аянтын менчиктештирүүдө, бала жаш курагына карабастан, бул аянтка бардык укуктардан бирдей даражада пайдаланат.

4. Балдар бардык учурларда алардын ата-энелерине тиешелүү турак-жай аянтына укугун сакташат.

5. Жашоо үчүн турак-жайы жок жетим балдар 16 жашка чыкканда, мыйзамда белгиленген тартипте, пайдалануу укугунда турак жай аянтын кезексиз алуу укугунан пайдаланышат.

6. Ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдар, анын ичинде жетим-балдар башка турак-жай берүүсүз алар ээлеп турган турак-жайдан чыгарылышы мүмкүн эмес.

7. Жетим-балдар алар 21 жашка толгонго чейин, окуу жайдын күндүзгү бөлүмүнөн билим алып жаткан учурларда - окуусун аяктаганга чейин убактылуу социалдык турак-жай (жатакана) менен камсыз болуусу тийиш.

8. Мамлекеттик жана муниципалдык фонддордон убактылуу пайдалануу үчүн социалдык турак-жай берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-14)
