# 11-берене. Баланын өз пикирин эркин билдирүү укугунун негизги кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 11-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-11

---

1. Бала анын таламдарына тиешелүү болгон бардык маселелер боюнча өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу.

2. Балага кандай болбосун соттук, администрациялык же башка териштирүүнүн жүрүшүндө түздөн-түз же болбосо мыйзамдуу өкүлү аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте угулууга мүмкүнчүлүк берилет.

3. Баланын өз пикирин билдирүү укугун ишке ашыруусу, башка жактардын укуктарын жана аброюн сыйлоо, ошондой эле мамлекеттин коопсуздугун, коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо максаттарында, мыйзамдарда каралган учурларда гана чектөөлөргө кириптер кылынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-12)
