# 102-берене. Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жапа чеккен баланы коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 102-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-102

---

1. Зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болгон баланын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч болгон учурда, мындай жагдайды ачкан адам балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган коопсуз жерге жашы жетпегенди жайгаштырууга милдеттүү.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бала зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болуп калган жагдайларды ачуу жана белгилөө боюнча ыкмалары, усулдары жана башка иштери баланын эң мыкты таламдарына жооп бериши керек.

2. Бала зомбулуктун же кылмыштын курмандыгы болуп калган жагдайларды ачууга жана белгилөөгө багытталган тиешелүү органдардын экспертизасы жана башка аракеттери жашы жетпегенге карата зомбулуктун же кылмыштын фактысы боюнча кайрылуу түшкөн учурдан тартып 10 суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Өзгөчө жагдайлар болгондо бул мөөнөт прокурор же сот тарабынан узартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-103)
