# 101-берене. Балдарды зомбулуктан жана (же) ырайымсыз мамиледен коргоого жооптуу ата-энелердин, аларды алмаштыруучу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203700)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 10-июлундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-41/edition/1208806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203700/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө, 101-берене (01.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-101

---

адамдардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

1. Ата-энелер, аларды алмаштыруучу адамдар жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, медициналык мекемелер, укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдар зомбулукка же ырайымсыз мамилеге кабылгандардын дене-бой саламаттыгын жана психологиялык абалын калыбына келтирүү жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алууга милдеттүү.

2. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынан улам баланын укуктарынын андан ары бузулушуна алып келген адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликти тартышат.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203700/st-102)
