# 7-берене. Укук берилген органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203696)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 4-июлундагы № 96 "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 84 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О взаимодействии государственных органов в сфере внешней политики Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047241)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4628/edition/408192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203696/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, 7-берене (08.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-7

---

1. Ыйгарым укуктуу орган аткаруу бийлигинин башкы органы болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүү максатында тышкы саясий чечимдерди иштеп чыгууда, кабыл алууда жана ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын координациялоону жана өз ара иштешүүсүн жүзөгө ашырат, дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү тутумун башкарат.

2. Ыйгарым укуктуу орган:

1) Президент тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда анын атынан чыгат;

2) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытына ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен алака-катышты уюштурат;

3) чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен кызматташуунун алкактарында тышкы саясат маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын көз караштарын иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;

4) мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-8)
