# 6-берене. Өкмөттүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

- Документ: [Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203696)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 4-июлундагы № 96 "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 84 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О взаимодействии государственных органов в сфере внешней политики Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047241)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4628/edition/408192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203696/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, 6-берене (08.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-6

---

1. Өкмөт Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырат.

2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу максатында:

1) чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн камсыз кылат;

2) Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргойт, тышкы экономикалык иштер, эл аралык илимий-техникалык жана маданий кызматташуу чөйрөлөрдө жөнгө салууну жана мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырат;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылат;

4) эл аралык кызматташуу маселелери боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишине жетекчилик кылат;

5) Конституцияда жана мыйзамдарда анын карамагына таандык кылынган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Премьер-министр:

1) чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таанууга макулдук берет;

2) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарга ылайык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет; Президент тарабынан кол коюлууга тийиш болгон эл аралык келишимдерге (мамлекеттер аралык келишимдерге) кол коюуга макулдук берет;

3) белгиленген тартипте эл аралык финансы институттарында Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн дайындайт;

4) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-7)
