# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын

- Документ: [Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203696)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 4-июлундагы № 96 "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 84 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О взаимодействии государственных органов в сфере внешней политики Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047241)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4628/edition/408192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203696/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, 5-берене (08.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-5

---

тармактык комитетинин ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш):

1) Конституцияда жана мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялайт жана денонсациялайт;

2) чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

3) парламенттер аралык келишимдерди түзөт.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда Жогорку Кеңештин атынан чыгат.

3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети:

1) Жогорку Кеңештин эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоо жана бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин сунуштамасына макулдук берет;

2) Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланууга жаткан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлоруна макулдук берет;

3) тышкы саясаттын концепциясынын долбооруна макулдук берет;

4) дипломатиялык мамилелерди орнотуу маселелери боюнча макулдук берет;

5) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий демилгелерин сунуштайт;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ыры - Өкмөт), тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууга байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды берет;

7) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынган тышкы саясат чөйрөсүндөгү маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат;

8) тышкы саясат чөйрөсүндөгү Өкмөттүн иши жөнүндө Премьер-министрдин отчетун алдын ала угат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-6)
