# 4-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин тышкы саясат

- Документ: [Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203696)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 4-июлундагы № 96 "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 84 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О взаимодействии государственных органов в сфере внешней политики Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047241)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4628/edition/408192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203696/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, 4-берене (08.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-4

---

чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент):

1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын аныктайт;

2) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары жактарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

3) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таануу жөнүндө чечим кабыл алат;

5) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен кеңешүү боюнча чет мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мамилелерин орнотуу жөнүндө чечим кабыл алат;

6) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөттүн башка мүчөлөрүнө жана кызмат адамдарына берүүгө укуктуу;

7) ратификациялык грамоталарга жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;

8) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн ишеним жана чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;

9) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети менен кеңешүү боюнча тышкы саясаттын концепциясын бекитет;

10) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүн, туруктуу өкүлчүлүгүн жана консулдук мекемесин (мындан ары - чет өлкөлөрдөгү мекемелер) уюмдаштырат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-5)
