# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

- Документ: [Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203696)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 4-июлундагы № 96 "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 84 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О взаимодействии государственных органов в сфере внешней политики Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047241)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4628/edition/408192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203696/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, 2-берене (08.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты - эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын максаттуу иши; Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багыты - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясында, ошондой эле ченемдик укуктук актыларында бекемделген эл аралык кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы саясый ишинин тышкы саясый максат багыттары жана артыкчылыктары; тышкы саясий демилге - Кыргыз Республикасынын тышкы саясый багытын ишке ашыруу маселелерине байланышкан сунуштар; тышкы саясатынын концепциясы - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын чөйрөсүндөгү өзөктүү саясий документ, ал Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына байланыштуу көз караштардын системасын камтыйт. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин негизги максат багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети (мындан ары - Жогорку Кеңештин тармактык комитети) - карамагына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуусу боюнча маселелер кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-3)
