# 12-берене. Тышкы саясий демилгелерди ишке ашыруу

- Документ: [Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203696)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 4-июлундагы № 96 "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 июня 2026 года № 84 "О признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О взаимодействии государственных органов в сфере внешней политики Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047241)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4628/edition/408192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203696/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, 12-берене (08.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-12

---

1. Тышкы саясий демилгелер боюнча алынган чечимдерди жүзөгө ашыруу максатында тышкы саясий демилгени көтөргөн мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча тышкы саясий иш-чараларды пландоону жүзөгө ашырат. Бул үчүн иш-чаралардын аталыштарын, аларды аткарууга жооптууларды жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ведомстволук жана ведомство аралык пландар түзүлөт.

2. Өткөрүлгөн тышкы саясий иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар тышкы саясий иш-чаралардын пландары аткарылып бүткөндөн тартып бир айдын ичинде тышкы саясий чечимди ишке ашыруунун натыйжаларын, коюлган максатка жетүү деңгээли менен кошо талдоону жана кабыл алынган тышкы саясий чечимдин натыйжаларын божомолдоонун тактыгына баа берүүнү жүргүзөт. Натыйжалардын ушул талдоосу тышкы саясий демилге боюнча чечимди кабыл алган кызмат адамдарына жана органдарга жиберилет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203696/st-13)
