Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 16.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "айылдык, шаарча, шаардык жана райондук" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "айылдык жана шаардык" деген сөздөргө алмаштырылсын; "жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерди", "жалпы мамлекеттик кирешелерден" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 15-статьянын 6-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде "жалпы мамлекеттик кирешелердин чегерүүлөрүнүн" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 18-статьянын мамлекеттик тилдеги текстинде ", поселкалык" деген сөз алып салынсын.
4. 33-статьяда:
1-пунктунда:
- биринчи абзацта "Айылдын, поселканын жана шаардын" деген сөздөр "Айылдын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын:
- 8-пунктчада "айылдык, поселкалык жана шаардык" деген сөздөр "айылдык жана шаардык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 34-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден жергиликтүү бюджеттерге чегерүүнүн тартиби".
6. 46-статьянын 1-бөлүгүндө "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр "айылдын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 47-статьянын 1-бөлүгүндө "поселоктордун," деген сөз алып салынсын.
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203691/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>