# КР 2012-жылдын 29-июнундагы № 91 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 29-июнундагы № 91 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4623/edition/719901/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 29-июнундагы № 91 ""Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Мыйзамы (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203691

---

КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 29-июну № 91 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу"

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203691/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "айылдык, шаарча, шаардык жана райондук" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "айылдык жана шаардык" деген сөздөргө алмаштырылсын; "жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерди", "жалпы мамлекеттик кирешелерден" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 15-статьянын 6-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде "жалпы мамлекеттик кирешелердин чегерүүлөрүнүн" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 18-статьянын мамлекеттик тилдеги текстинде ", поселкалык" деген сөз алып салынсын.

4. 33-статьяда:

1-пунктунда:

- биринчи абзацта "Айылдын, поселканын жана шаардын" деген сөздөр "Айылдын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын:

- 8-пунктчада "айылдык, поселкалык жана шаардык" деген сөздөр "айылдык жана шаардык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

5. 34-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"34-статья. Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден жергиликтүү бюджеттерге чегерүүнүн тартиби".

6. 46-статьянын 1-бөлүгүндө "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр "айылдын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 47-статьянын 1-бөлүгүндө "поселоктордун," деген сөз алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203691/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
