# 19-2-статья. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана

- Документ: [Салыктык эмес төлөмдөр" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203689)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 20-июну № 89 "Салыктык эмес төлөмдөр" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2018
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203689/st-19-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4621/edition/893582/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес төлөмдөр" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу, 19-2-статья (10.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203689/st-19-2

---

күтүүгө чегерүүлөр

Пайдалуу кендерди (курулуш материалдар катары, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарууда чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жана катталган жерине карабастан кен байлыгынын жайгашкан жери боюнча жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн төлөөчүсү болуп саналат. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр жергиликтүү бюджетке пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн кыйыр салыктарды эсепке албастан, 2 пайыз өлчөмүндө, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт. Кен байлыктардын жайгашкан жери боюнча жергиликтүү бюджетке чегерүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203689/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203689/st-2)
