Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Салыктык эмес төлөмдөр» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-08-10.
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 20-июну № 89
"Салыктык эмес төлөмдөр" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1-бөлүктөгү "Жыйым, төлөм," деген сөздөрдөн кийин "чегерүү," деген сөз менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Чегерүү - жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө жер казынасын пайдалануучу тарабынан милдеттүү түрдө берилүүчү төлөмдүн мамлекет белгилеген түрү.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы III-1-бөлүм менен толукталсын:
"III-1-бөлүм Чегерүүлөр
19-2-статья. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр
Пайдалуу кендерди (курулуш материалдар катары, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарууда чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жана катталган жерине карабастан кен байлыгынын жайгашкан жери боюнча жергиликтүү бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн төлөөчүсү болуп саналат. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр жергиликтүү бюджетке пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн кыйыр салыктарды эсепке албастан, 2 пайыз өлчөмүндө, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт. Кен байлыктардын жайгашкан жери боюнча жергиликтүү бюджетке чегерүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.12.2017 · № 793 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон