# 42-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 42-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-42

---

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) 2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 12, 1009-ст.);

2) 2007-жылдын 15-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 1, 3-ст.);

3) 2008-жылдын 20-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 262-ст.);

4) 2009-жылдын 11-майындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 470-ст.).

3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бардык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул конституциялык Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4. Областтардын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана алардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана анын аппаратынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

5. Президентке эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

6. Өкмөт үч айлык мөөнөттө:

1) өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) мыйзамдарды ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун даярдасын жана Жогорку Кеңешке киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-40)
