# 40-берене. Өкмөт менен жарандык коомдун өз ара мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 40-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-40

---

1. Өкмөттүн саясий партиялар, диний уюмдар, башка коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин талаптарынын, ошондой эле конструктивдүү мамлекеттик-коомдук диалогдун, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирди эсепке алуунун негизинде түзүлөт.

2. Жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында Өкмөт:

1) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын мониторингин үзгүлтүксүз жүргүзөт, адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү докладдарды даярдоону камсыз кылат, укук коргоо ишин жүзөгө ашыруучу укук коргоочулардын жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

2) Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенге чейин Өкмөттүн расмий Интернет-порталына жарыялоону камсыз кылуу менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону жүзөгө ашырат;

3) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында жарандык коомдун өкүлдөрү жана кызыкдар башка тараптар менен жолугушууларды өткөрөт;

4) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана камсыз кылуу маселелери боюнча Өкмөттүн жана ага баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишинин мониторингин жүзөгө ашыруучу жарандык коомдун өкүлдөрүнө көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-39)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-42)
