Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
40-берене. Өкмөт менен жарандык коомдун өз ара мамилелери
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
1. Өкмөттүн саясий партиялар, диний уюмдар, башка коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин талаптарынын, ошондой эле конструктивдүү мамлекеттик-коомдук диалогдун, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирди эсепке алуунун негизинде түзүлөт.
2. Жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында Өкмөт:
1) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын мониторингин үзгүлтүксүз жүргүзөт, адам укуктары боюнча эл аралык органдарга мезгилдүү докладдарды даярдоону камсыз кылат, укук коргоо ишин жүзөгө ашыруучу укук коргоочулардын жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
2) Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенге чейин Өкмөттүн расмий Интернет-порталына жарыялоону камсыз кылуу менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону жүзөгө ашырат;
3) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында жарандык коомдун өкүлдөрү жана кызыкдар башка тараптар менен жолугушууларды өткөрөт;
4) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана камсыз кылуу маселелери боюнча Өкмөттүн жана ага баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишинин мониторингин жүзөгө ашыруучу жарандык коомдун өкүлдөрүнө көмөк көрсөтөт.
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 155
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин иш чөйрөсүндөгү Кыргыз…Постановление · 19.02.2019 · № 57
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 токтомуПостановление · 19.02.2019 · № 57
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 19.07.2013 · № 151 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-40" title="40-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>