# 4-берене. Өкмөттүн программасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 4-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-4

---

1. Өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда Өкмөт Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген иш программасын жетекчиликке алат.

2. Өкмөттүн ишинин программасы (мындан ары - программа) Өкмөттүн мамлекеттик саясатынын негизги болуп саналат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер тарабынан Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө берилген программада мамлекеттин ички саясатынын негизги багыттары аныкталат. Программада өлкөнүн учурдагы абалы, негизги артыкчылыктары жана өнүгүү проблемалары; программаны ишке ашыруунун максаттары жана милдеттери; ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана каржылык камсыз кылынуусу; күтүлгөн натыйжалары чагылдырылат.

3. Программаны расмий жарыялоого чейин 30 күндүн ичинде Өкмөт программаны парламенттик көпчүлүккө кирген партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эске алуу менен, ушул конституциялык Мыйзамдын 10-беренеси менен белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каржылык камсыз кылууну тактайт, аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тутумун иштеп чыгат.

4. Программа Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн. Программаны өзгөртүү жөнүндө сунуш Премьер-министр тарабынан демилге кылынат, Жогорку Кеңеште каралат жана токтом менен бекитилет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-5)
