# 32-берене. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү жана Жогорку Кеңештин алдында отчет берүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 150 "О внесении дополнения и изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203959)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283698..1283697>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 32-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-32

---

1. Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Жогорку Кеңеште Өкмөттүн туруктуу өкүлү болот, ал Жогорку Кеңеш менен туруктуу өз ара аракеттенүү аркылуу Жогорку Кеңеште Өкмөттүн конституциялык ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Туруктуу өкүл Премьер-министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат жана өз ыйгарым укуктарын анын түздөн-түз жетекчилиги астында жүзөгө ашырат. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү өз компетенциясынын чектеринде Жогорку Кеңештин, парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалициясынын, депутаттык фракцияларынын, комитеттеринин, комиссияларынын жыйналыштарына, анын ичинде жабык жыйналыштарына, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан өткөрүлүүчү координациялык кеңешмеге катышып, каралып жаткан мыйзам долбоорлору, чечимдердин долбоорлору жана башка маселелер боюнча Өкмөттүн көз карашын билдирип, сунуштарды киргизет жана түшүндүрмөлөрдү берет.

3. Өкмөт өз ишинде Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында жооптуу жана отчет берет.

4. Премьер-министр жыл сайын 15-майдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасын аткаруунун алкагында Өкмөттүн өткөн жылдагы иши жөнүндө Жогорку Кеңештин алдында отчет берет.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор органдын карамагындагы маселелер боюнча мыйзам долбоорлоо ишин, Жогорку Кеңеш тарабынан каралуучу мыйзам долбоорлору боюнча Өкмөттүн көз карашын аныктоо боюнча сунуштардын даярдалышын уюштурат, Жогорку Кеңештин чечимдеринин жана аткаруу бийлик органдарынын карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.

6. Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары жиберилген Өкмөт, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө аларга жооп берүүгө милдеттүү.

7. Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери жана алардын кызмат адамдары Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышууга жана талкууланып жаткан маселелер боюнча өз пикирин айтууга укуктуу.

8. Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, комиссияларынын чечими боюнча Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен комиссияларынын жыйналыштарына Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу милдеттүү.

9. Өкмөт Жогорку Кеңештин комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын Өкмөттүн же ага караштуу органдардын ишине тиешелүү чечимдерин карайт, чечимдерди кароонун натыйжалары же алар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө комитеттерге, убактылуу комиссияларга маалымдайт.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 150 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-33)
