# 31-берене. Өкмөттүн мыйзам чыгаруу ишине катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 150 "О внесении дополнения и изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203959)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.07.2013 [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 150 "О внесении дополнения и изменения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203959); 19.07.2013 [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283698..1283697>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 31-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-31

---

1. Өкмөткө мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу таандык.

Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоорун сунуш кылуу үчүн Жогорку Кеңешке расмий өкүл дайындалат министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн.

2. Мыйзам чыгаруу демилге укугу Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорун түздөн-түз иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен ишке ашырылат.

3. Өкмөт мыйзам чыгаруу ишине төмөндөгүлөр каралган мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу аркылуу да катышат:

1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу;

3) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү;

4) салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу, аларды төлөөдөн бошотуу;

5) мамлекеттин финансы милдеттенмелерин кабыл алуу жана өзгөртүү;

6) Өкмөттүн, аткаруу бийлик органдарынын компетенцияларын жана ыйгарым укуктарын өзгөртүү.

Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан же элдик демилге жолу менен демилге көтөрүлгөн мыйзамдардын мындай долбоорлору Өкмөттүн расмий корутундусун берүү үчүн Өкмөткө алдын-ала жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында каралган мыйзамдардын долбоорлоруна Өкмөттүн расмий корутундусу Өкмөттүн токтому менен, ал эми калган учурларда - кат жүзүндө жол-жоболоштурулат.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

5. Өкмөт мыйзам долбоорун ал келип түшкөн күндөн баштап 30 күндөн кечиктирбестен карайт. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен макулдашуу боюнча ал мөөнөт узартылышы мүмкүн.

6. Өкмөт Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген жана расмий корутунду алуу үчүн Өкмөткө жиберилген же жиберилбеген мыйзам долбоорлоруна кат түрүндө корутунду берүүгө укуктуу. Мыйзам долбоорлоруна кат түрүндөгү корутундуларга Премьер-министр, биринчи-вице-премьер-министр же вице-премьер-министр кол коет.

7. Өкмөттүн корутундусу Мыйзам долбоорлорун комитеттердин, фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарында кароодо милдеттүү түрдө таркатылууга жана жарыяланууга жатат.

8. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Өкмөт Жогорку Кеңешке берилген ченемдик укуктук актынын долбоорун чакыртып алууга укуктуу, бул жөнүндө Жогорку Кеңешке мыйзамдарда белгиленген тартипте билдирилет.

10. Өкмөткө байланыштуу эмес шарттар боюнча (зарыл маалыматтарды бербөө, анын ичинде финансылык-экономикалык негиздемелер, социалдык-экономикалык божомол жана долбоорду кабыл алуунун башка кесепеттери) корутундуну өз убагында берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо жазуу жүзүндөгү корутунду берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектти менен Өкмөттүн ортосунда макулдашуу боюнча чечилет.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 150, 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-32)
