# 28-берене. Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283698..1283697>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 28-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-28

---

1. Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүлү) тиешелүү аймактык бирдиктин - областтын чектеринде Өкмөттүн өкүлү болгон кызмат адамы болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Өкмөттүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну жана тиешелүү областтын чектеринде мамлекеттик бийликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.

2. Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттик кызматчы болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Премьер-министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Премьер-министрге түздөн-түз баш ийет жана отчет берет.

3. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Конституцияны, мыйзамдарды, Президенттин актыларын, Өкмөттүн актыларын, Премьер-министрдин тескемелерин жетекчиликке алат.

4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн экиге чейин орун басары болот, алардын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт жана алардын ишине жетекчилик кылат. Орун басарлары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат. Аларды ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарларынын кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларды колдонуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунуштамасы боюнча Премьер-министр тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу, аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоону, мониторинг өткөрүүнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн областта аппарат түзүлөт. Аппараттын түзүмү, жобосу жана штаттык ырааттамасы Премьер-министр тарабынан бекитилет.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-29)
