Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
28-берене. Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151
1. Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүлү) тиешелүү аймактык бирдиктин - областтын чектеринде Өкмөттүн өкүлү болгон кызмат адамы болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Өкмөттүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууну жана тиешелүү областтын чектеринде мамлекеттик бийликтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат.
2. Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттик кызматчы болуп саналат. Ыйгарым укуктуу өкүл Премьер-министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Премьер-министрге түздөн-түз баш ийет жана отчет берет.
3. Ыйгарым укуктуу өкүл өз ишинде Конституцияны, мыйзамдарды, Президенттин актыларын, Өкмөттүн актыларын, Премьер-министрдин тескемелерин жетекчиликке алат.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн экиге чейин орун басары болот, алардын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт жана алардын ишине жетекчилик кылат. Орун басарлары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат. Аларды ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарларынын кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларды колдонуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунуштамасы боюнча Премьер-министр тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишин камсыз кылуу, аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялоону, мониторинг өткөрүүнү жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн областта аппарат түзүлөт. Аппараттын түзүмү, жобосу жана штаттык ырааттамасы Премьер-министр тарабынан бекитилет.
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.07.2012 · № 506 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Т.Арипов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин башка депутаттары тарабынан…Постановление · 06.07.2015 · № 454 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №148 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 12.03.2010 · № 148 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №177 "«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 25.03.2010 · № 177 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>