# 27-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283698..1283697>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 27-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-27

---

1. Райондордо аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт, алар түздөн-түз Өкмөткө баш ийишет.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар райондун тиешелүү аймагында министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүкчөлөрүнүн макулдашылган иштерин камсыз кылат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишинде компетенциясына кирген маселелер боюнча Өкмөткө жана Президентке, ошондой эле Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө отчет берет.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Премьер-министр тарабынан бекитилет.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин уюштурулушу жана тартиби мыйзам менен аныкталат.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-28)
