# 26-берене. Администрациялык ведомстволор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283698..1283697>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 26-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-26

---

1. Администрациялык ведомстволор мамлекеттик орган болуп саналат, алар Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн чечими менен түзүлөт, жоюлат жана кайра уюштурулат.

2. Администрациялык ведомстволор өз ишин Өкмөттүн алдында жана анын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат жана Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик инспекциялар, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик фонддор формасында түзүлөт.

Мамлекеттик агенттик - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство. Мамлекеттик инспекция - иштин тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу бийлиги органынын контролдоо жана инспектордук функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство. Мамлекеттик кызмат - атайын статусу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүүнү талап кылган, башкаруунун конкреттүү жаатында мамлекеттик саясатты камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомство. Мамлекеттик фонд - башкаруунун конкреттүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, ошондой эле акча каражаттарын топтоо жана товардык-материалдык баалуулуктарды чогултуу максаттарында түзүлүүчү администрациялык ведомство.

3. Мамлекеттик агенттиктерге, инспекцияларга директорлор, ал эми мамлекеттик кызматтарга жана фонддорго төрагалар башчылык кылат, алар Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат.

4. Администрациялык ведомстволор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер тиешелүүлүгүнө жараша директордун же төраганын буйруктары жана тескемелери менен жол-жоболоштурулат.

5. Өкмөт администрациялык ведомстволорго баш ийген юридикалык жактын статусу бар ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрдү түзүүгө, жоюуга жана кайра уюштурууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-27)
