# 24-берене. Өкмөттүн мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 15 июля 2016 года № 116 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111395)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Конституционный Закон КР от 15 июля 2016 года № 116 "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111395); 19.07.2013 [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283700..1283701>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 24-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-24

---

1. Өкмөттүн мүчөлөрү өз иши үчүн жана тиешелүү мамлекеттик органдын иши үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

2. Өкмөттүн мүчөсү тарабынан антты, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузушу Премьер-министрдин негизделген сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда ага карата тартип чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздерден тышкары, Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан төмөнкү учурларда кызмат ордунан бошотулат:

1) Өкмөттүн түзүмү өзгөртүлгөндө жана тиешелүү министрлик, мамлекеттик комитет жоюлганда (кайра уюштурулганда);

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурда Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө;

4) башка ишке өткөндө же шайлануучу кызматка шайланганда;

5) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

6) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

7) ээлеген кызматына шайкеш келбеген иш менен алектенгенде;

8) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

9) ал сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;

10) каза болгондо;

4. Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн. Президент Өкмөттүн мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Премьер-министр тарабынан сунуштама киргизилген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө аны кызматтан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарат.

Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Өкмөттүн айрым мүчөсүн кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген Өкмөттүн мүчөсүн - мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо, ал кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет. 4-1. Өкмөттүн мүчөсү отставка жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Өкмөттүн мүчөсүнүн отставкасы Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

5. Өкмөттүн мүчөсү төмөнкү учурларда отставкага кетти деп эсептелинет:

1) Президент анын отставкасын кабыл алганда;

2) Өкмөт отставкага кеткенде.

6. Өкмөттүн мүчөсү отставкага кеткенде же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр Өкмөттүн мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңеш тарабынан ал жактырылган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде Президентке киргизет. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Президент Өкмөттүн мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 2016-жылдын 15-июлундагы № 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-25)
