# 21-берене. Биринчи вице-премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 21-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-21

---

1. Биринчи вице-премьер-министр жана вице-премьер-министрлер:

1) Өкмөттүн жыйналыштарына катышат;

2) тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин ишин бекитилген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык координациялоону жүзөгө ашырат;

3) өз компетенциясынын чектеринде министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Өкмөткө түздөн-түз баш ийген мамлекеттик ишканалар, уюмдар, мекемелер тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмалар менен көрсөтмөлөрдү берет;

4) Өкмөттүн саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;

5) Өкмөттүн токтомдору менен тескемелеринин, Премьер-министрдин тескемелеринин долбоорлорун даярдоого катышат, алардын аткарылышын камсыз кылат;

6) Өкмөткө киргизилген сунуштарды, токтомдор менен тескемелердин долбоорлорун алдын ала карайт;

7) Премьер-министрдин айрым ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте аткарат;

8) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине карата сыйлык же тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды Премьер-министрге киргизет;

9) мыйзамдар менен каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-22)
